Important Announcement
PubHTML5 Scheduled Server Maintenance on (GMT) Sunday, June 26th, 2:00 am - 8:00 am.
PubHTML5 site will be inoperative during the times indicated!

Home Explore JAN BASHTYK-2019

JAN BASHTYK-2019

Published by aigejol, 2019-01-09 02:36:36

Description: JAN BASHTYK-2019

Search

Read the Text Version

Текстти жазган Жылдыз Турпанова С¿рºт‰н тарткан Кульнар Рымбек Табышмактар Миргуль Наралиеваныкы

Текстти жазган Жылдыз Турпанова С¿рºт‰н тарткан Кульнар Рымбек Табышмактар Миргуль Наралиеваныкы Бишкек 2019

УДК 821.51-93 ББК 83.8 Ж 27 Урматтуу достор, Кыргыз эли байыркы көчмөн эл болгон. Ошондуктан буюмдар Ж 27 ЖАН БАШТЫК / Текстти жазган Ж.Турпанова. Табышмактар М.Наралиеваныкы. көчүп-конууга ылайык жасалган. Ар бир буюмдун аткарган кызматына Сүрөтүн тарткан К.Рымбек. – Б.: «Таалим-Форум» КФ, 2019. – 20 б. жараша үйдө өзүнүн орду болгон. Буюмдарга кооз оюулар түшүрүл- ISBN 978-9967-15-250-2 гөн. Алар үйгө өзгөчө көрк берип турган. Кыргыз кол өнөрчүлүгүнө көп түрдүүлүк мүнөздүү. Буюмдар тери- Колдонулган булак: ден, кийизден, жыгачтан, темирден жасалган. Чебер уздар ар бир Акматалиев Амантур. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. – Бишкек., 1996. материал менен иштөөнүн өзгөчө ыкмаларын мыкты өздөштүрүшкөн. Буюмдардын улуттук табитте жасалышы анын эң баалуу сапаты жана өзгөчөлүгү. www.taalimforum.kg [email protected] Байыркы замандарда эле кыргыздар жаратылышка шайкеш жа- +996 (312) 298 681 шашкан. Тиричилигинде пайдаланган буюмдары жаратылышта кез- дешкен өңдөрдөй ачык жана ар түрдүү түстө экендиги буга күбө. Түс жана оймо-чиймелер буюмдардын жасалгасында маанилүү орунду Дизайнери: А. Мадлымбекова. ээлеген. Элдик оймо-чиймелерде адамдар, жаратылыш, жаныбар- лар жана өсүмдүктөр дүйнөсү, көчмөн тиричиликтин элестери чагыл- дырылган. T 4803300100-13 Элдик чеберлер байыртадан келе жаткан көркөм өнөрдү баалап ISBN 978-9967-15-250-2 сакташкан. Чеберчилик улам кийинки муунга мурасталып, укум- УДК 821.51-93 дан-тукумга өтүп, өнүгүп өркүндөгөн. Ар бир муун өз мезгилине ыла- ББК 83.8 © «Таалим-Форум» КФ, 2019 йык жаңыланууларды киргизип, оймо-чиймелердин түрлөрүн байы- «Турар» басмаканасында басылды тышкан жана кеңейтишкен. Азыркы кезде да улуттук буюмдардын баалуулугу зор болгондук- тан, унутта калбай жасалууда. Ата-бабалардан калган мурастарды үйрөнүп, аздектеп сактап жүрөлү! 3

КУРЖУН – өрмөктөн согулуп тигилген кош көздүү чоң баштык. Көчкөн- ЖАН БАШТЫК – керектүү буюмдар салынган баштык. Аялдар жанында дө куржундун ичине буюмдарды салып, атка, төөгө, өгүзгө тең салмактап алып жүргөндүктөн аны «жан баштык» деп аташкан. Баштыктар өрмөктөн артышкан. Куржундун ичиндеги буюмдар түшпөш үчүн өрүлгөн жиптен бе- же кездемеден жасалат. Ага оюу салынып же сайма сайылып кооздолот. ките турган илмектер жасалган. Бири-бирине илинип байланган илмектер «килит» деп аталат. 4 5

1 2 АЯК КАП – идиш-аякты сала турган ашкана буюму. Көбүнчө ак жана (1) ТУТКУЧ – кийизден кабатталып жасалган кармагыч. Кол күйбөш кара кийизден шырылып жасалат. Аяк каптын бетине оюу салынып, чети үчүн үчүн ысык казанды оттон чыгарууда пайдаланылат. чачы менен кооздолот. Ал боз үйдүн керегесине эки кулагынан илинет. (2) КАЙЧЫ КАП – кайчы салуу үчүн кийизден жасалган кап. Көчкөндө кайчы башка буюмдарды тешип же тилип кетпеши үчүн салынган. Кере- геге илгенге илмек тигилген. Кооздук үчүн анын бетине түрдүү оюулар түшүрүлгөн. 6 7

2 1 КӨӨКӨР – кымыз куюу үчүн эчкинин, уйдун, төөнүн терисинен жасал- (1) САБАА – кымыз ачыта турган идиш. Ал териден жасалат. Сабаа- ган идиш. Көөкөр өзгөчө кооздолуп жасалат. Көөкөрдүн формасы кыргыз нын тигиштери суюктукту өткөрбөй тургандай болуп бышык тигилет. Аб- оюусун элестетип турат. Териден жасалган буюмдар суу кезинде тигил- дан ышталып, майланган сабаада кымыз көпкө сакталат жана сапатын ген. Ал койкоюп кебин сактап калышы үчүн ичине кум салып кургатышкан. жоготпойт. Сабаа керегеге илинет. Сабаадагы кымызды бышуу үчүн биш- Тоборсуп калганда бетине оюу салып, кургаганда кумун төгүп салышкан. кек колдонулат. Кымызды көпкө бышканда, кымыз бышып даамына келет. Кургаганда бекем болуп бекиген. Кымыз жакшы сакталышы үчүн көөкөрдү (2) ЧАНАЧ – кымыз куюучу идиш. Ал туюк союлган эчкинин териси- ыштап турган. нен жасалат. Чанач менен айран, чалап да ташышкан. Чаначтын көлөмү териге жараша ар түрдүү болот. Бышык болуп, азыктар бузулбашы үчүн чаначты тез-тез ыштап туруу керек. 8 9

КӨНӨЧӨК – ак куюучу идиш. Көнөчөктү сабаа жана чаначтан арткан САНДЫК – жыгачтан жасалган буюм. Сандыкка кийим-кечелер, асыл териден бычып, кебин келтирип, капталына оюу түшүрүп, ыштап жаса- буюмдар салынган. Сандыктын бети түрдүү оюулар менен кооздолгон. шат. Көнөчөктүн оозу бир аз кууш келет. Баканга илүү үчүн аттын жал-куй- Көчкөндө аркан өткөрүп байлаганга ыңгайлуу болгон. рук кылдарынан боо эшилип тагылат. 10 11

1 2 3 4 5 (1) АЯК ТАБАК – жыгачтан жасалган жалпак идиш. Ага эт чыгарылган. АЯКТАР – жыгачтан жасалган идиштер. Талдан жасалган аяктар (2) СУЗГУ – тамакты сузуу, сапыруу, куюу үчүн жыгачтан оюп жасалган. бышык келип, оюп кесүүгө ыңгайлуу болгон. Аяк бышык болушу үчүн жы- Узун саптуу, ичи чуңкур, жыгач кашык сымал жасалат. гачты кайнатып, сары суу менен чайырдан тазалап алышкан. Кургаган- (3) ДЕПКИР – боорсок бышырууга ылайыктап жасалган сузгунун бир да идишти отко кактап, майга салып, кайнатып коюшкан. Идиштер түрдүү түрү. тамак-аштарды салып колдонууга ылайык ар кыл формада жасалган. (4) ЧЕҢГЕЛ – кайнап жаткан этти оодаруу жана аны чыгаруу үчүн кол- донулган жыгач саптуу, эки же үч тиштүү темирден жасалган буюм. (5) ЖЫГАЧ КАШЫК – тамак ичүү үчүн жыгачтан оюп жасалган кашык. 12 13

ЧЫНЫ КАП – чыны салгыч куту. Көчүп-конууда чыны сынбашы үчүн КАЗАН – чоюндан жасалган идиш. Казан отко асып тамак бышырууда ага салынган. Ал талдан, табылгыдан ийилип жасалган. Чыны кап тегерек колдонулган. Тегерек түбүнө от тегиз тиет. Казан калың болгондуктан та- болуп, бетине оюу салынып кооздолгон. Чыны кутунун капкагы кайыш ар- мак көпкө ысык сакталат. кылуу эки кулагына бекитилген. 14 15

1 2 КУМГАН – бетти, колду жууш үчүн суу куюлган идиш. Кумган жезден (1) ЖАРГЫЛЧАК – кичинекей кол тегирмен. Жаргылчак менен арпа, жасалган. Кулагы, чоргосу өзгөчө койкоюп кооз. буудай, жүгөрү, таруунун данын тартып, ун, талкан кылышкан. Жаргыл- чактын астыңкы ташы тегеренбейт. Үстүңкү ташын жыгач туткасы менен айлантып данды майдалайт. Ортодогу чуңкуруна уучтап дан салынат. Тартылып майдаланган дан жаргылчактын алдына салынган териден жа- салган супарага түшөт. (2) ЖЫГАЧ ТАБАК – жыгачтан жасалган идиш. Анын ичинде жаргыл- чакка тартыла турган буудайдын даны салынып турат. 16 17

ТАБЫШМАКТАР Биздин ата-бабалар Бул буюмдар эмесе 11. Бул идишке толтуруп 13. Көпчүлүккө суу куюп, Көчмөн болуп жашаган. Табышмакта катылат. Кымыз, сүттү куюшкан. Элпек бала бата алат. Темир, кийиз, териден Жообун силер бергиле – Илүү үчүн баканга Жезден ийип жасалат – Буюмдарын жасаган. Ал эмне деп аталат? Боо тагылат кайыштан. Мунун атын ким табат? 12. Абдан ысык казанды Оттон алып чыгарда 1. Көчкөн кезде эң керек 6. Ысык отко чыдамдуу Кулактарын кармагыч – Буюм-тайым салынат. Чоюндан ал жасалат. Эмне экенин тап анда! Эки көздүү бул баштык Даярдалып даамдуу Тай, кунанга артылат. Тамак-аштар асылат. 2. Баардык идиш-аяктар 7. Ыштап эчки терисин Бул нерсеге салынат. Идиш кылып коюшкан. Ал кийизден жасалып, Кымыз куюп жайкысын Четине чачы тагылат. Жайлоодон кымыз ташышкан. Табышмактардын жандырмагын 3. Салып алып керектүү 8. Илгерки кол тегирмен таап жазгыла. Буюмдарын жанына Данды майда майдалайт. Канчанчы Көтөрүшкөн апалар Арпа, буудай, жүгөрү табышмак экенин сан менен Колдорунда дайыма. Ун, талканга айланат. белгилегиле. 4. Жасалат ал жыгачтан 9. Бул идиштин негизи Тик бурчтуу чоң куту. Уйдун, төөнүн териси. Кийим-кече кайтарат Элибиздин эң бир кооз Боорундагы бир кулпу. Кымыз куйган идиши. 5. Ашатылып бул тери 10. Сынбасын деп көчкөндө Майлап анан ышталат. Ары-бери термеле. Керегеге илинип, Салып бекем катышкан Ага кымыз бышылат. Чыныларын эмнеге? 18 19

ЖАН БАШТЫК Текстти жазган Ж.Турпанова. Табышмактар М.Наралиеваныкы. Сүрөтүн тарткан К.Рымбек. Корректору: Дизайнери: А. Мадлымбекова. Заказ № Нускасы «Турар» басмаканасында басылды

Бул китептин басылышы АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу көрсөтүлгөн Америка элинин колдоосунун натыйжасында мүмкүн болду. Китептин мазмуну АКШнын эл аралык өнүктүрүү агенттигинин же АКШнын Өкмөтүнүн пикирин милдеттүү түрдө чагылдырбайт. 1.2 деңгээли 2.1 деңгээли 4.1 деңгээли


Like this book? You can publish your book online for free in a few minutes!
Create your own flipbook